У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан «Байрактарды» сатып алганбы? УКМКнын жообу…


 Тажикстан түркиялык "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 29-апрелде билдирди.
 
Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, тажик тарап “Байкар Макина” компаниясы, ошондой эле башка ушул сыяктуу түрк өндүрүүчүлөрү менен учкучсуз учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес.
 
«Тажик тарап түркиялык «Байрактар» учкучсуз учактарын сатып алганы тууралуу маалымат тактала элек», — деп билдирди УКМК.
 
Басма сөз кызматы кошумчалагандай, Кыргызстан тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп, Борбор Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого бардык күч-аракетин жумшайт.
 
«Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогорку болуп жатканнына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт», - деп билдирди мекемеден. 
 
Буга чейин маалымат каражаттарында Тажикстан «Байрактарды» сатып алды деген маалымат тараган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter