У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты


УКМК диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, ага бөгөт коюунун алкагында, Кыргыз Республикасында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун колдоочуларынын санын минималдаштыруунун максатында, радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартууга багытталган алдын алуу иш-чарасын жүрүшүндө Талас шаарынын И.Т.Б. аттуу тургуну «Хизб ут-Тахрир» ДЭУдан мындан нары баш тартарын айтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, аталган И.Т.Б. 2003-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун катарына кирип, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген.
 
Ошол эле учурда И.Т.Б. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргыз Республикасынын жарандарын «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
 
Учурда КР УКМК тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иш жүргүзүлүүдө.
[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter