У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Манас» аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыков кызматтан алынды


«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыков кызматтан алынганы айтылды. Анын ордуна 5-чакырылыштын депутаты Бакыт Шаршеевдин келери кеп болууда. 
 
Буга чейин Бакыт Сыдыков тууралуу коомчулукта ачуу сындар арбын айтылып келген. Ал аэропортко экинчи жолу жетекчи болуп барганда, Россияга болгон авиа билеттердин баасы 3-4 эсе кымбаттап, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Ошондой эле анын «Манас» аба майданында учактарды керосин жана «борт-питание» менен камсыз кылган жеке фирмалары бардыгы коомчулукта кызуу талкууга алынып, мындай көрүнүш коррупцияга жол ачары белгиленген. 
 
Бакыт Сыдыков кызматка киришип жатканда 10 күн аралыгында аба майдандагы коррупциялык схемаларды жоюп, бюджеттен сырткары кетип жаткан каражаттарды өлкө казынасына бурам деген убадасынын өтөөсүнө чыга алган жок.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter