У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакыт Сыдыков Садыр Жапаровду тоготпойбу?


"Манас" аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыковду Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунан бюджетке түшпөй кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп результат көрсөтөм деп жатат. Он күн убакытта жыйынтык чыкпаса иштен кетет", — деди эле...
 
Андан бери дээрлик эки айдан ашты. Көрсө, Сыдыковдун жыйынтык көрсөткөн иши элдин жонунан кайыш тилүү тура. Мына Бишкек-Москва 60.000 сом экен. Россияга билет алалбай нааразы болгондор арбын. Анан да Россияга чыгыш үчүн справка алышың милдет. Ал да бекер эмес. Мына Сыдыковдун аэропортту гүлдөтүп жаткан жоругу.
 
Ошондой эле, бул эргулдун "Манас" аэропортуна самолётторго керосин ташыган, "борт питание" камсыз кылган фирмалары иштейт. Бул кызылдай эле коррупциялык схема. Себеби, өзү иштеген жерге өзүнүн жеке фирмаларын киргизип кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып коррупцияга барып жатат дегенди билдирет.
 
Айткандай, Сыдыков буга чейин "Манас" аэропортун башкарып турганда Нарынга Кара-Жылгага аң уулап, козу жегени барып бир самолётту авария кылып талкалап салган. Бүгүнкү күнгө чейин төлөп бердиби белгисиз. Ошол кезде аэропортко 65 миллион зыян келтиргени бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт. 
 
Анан ушундай баскан изи мандемдүү, кызматтык ишмердүүлүгү күмөндүү адамды ичип жей бер дегендей кайрадан аэропортко жетекчи кылып дайындоо жакын арада оңолбой турганыбызды далилдейт. 
 
Арийне, стратегиялык мааниси чоң, кирешелүү тармакка коллектив нааразы болушуп, каршылык митингге чыгышканына карабай Сыдыковду жөн эле жетекчи кылып дайындашкан эмес. 300 миң доллар тууралуу жомок болуп айтылып жаткан иттин өлүгү жыттанган сырдын түйүнү ушул жакта жатат...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter