У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лидер кантип курчуйт?..


Лидерди кырдаал жаратат. Алмустактан бери жашоо мыйзамы ошондой. Саясат – бул согуш талаасы сыяктуу. Кан учкан алааматтан аман калуу тагдырдын гана буйругу. Бекеринен баатырды кырдаал  жаратат деп айтпайт. Саясий арена - билектин күчүн менен эмес, акылды, билимди, майышпаган эркти, тоодой духту талап кылат. Оош-кыйышы көп, оомал-төкмөл замандын өз доорунун чыгаандары болот.

Арийне, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери эчендеген саясатчылардын жылдызы жанды. Акаевдин тушунда Феликс Куловдун, Өмүрбек Текебаевдин, Алмазбек Атамбаевдин, Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев, Кубатбек Байболов, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Мелис Эшимканов, Болот Шер сыяктуу саясатчылар жарк этип көзгө урунду. Учурда айрымдарын көзү өтүп кетти. Калгандары азыр да саясатта жүрүшкөн менен ошол кездеги бийиктикти сактап кала алышпады. 

Мезгилдин шары менен ойлобогон жерден бийлик башына келген Курманбек Бакиевдин учурунда дагы да болсо Алмазбек Атамбаев, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Болот Шер саясаттын сап башында турушту. Бул учурда Темир Сариев, Исмаил Исаков, Дүйшөн Чотонов, Өмүрбек Бабанов, Медет Садыркулов, Мелис Мырзакматов, Бектур Асанов, Роза Отунбаева, Эльвира Ибраимованын аты эл оозуна алынды. 
 
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясий аренага — Өмүрбек Бабанов баш болгон, Камчыбек Ташиев,  Садыр Жапаров, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Темирбек Асанбеков, Урмат Барктабасов, Ахматбек Келдибеков, Аида Салянова, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Сапар Исаков чыкты. Атамбаевдин саясаты буларды курчутту.            
Өзгөчө бул жылдары Ташиев, Жапаров, Төрөбаев, Сулайманов өз алдынча лидер катары өсүп жетилишип, салмактуу саясатчылардын катарын толукташты. Саясатта такшалып көзгө урунду. Ар бири партия түзүп, ыргыткан ташы жогору кулап, ооматы артып Жогорку Кеңештин шайлосунда эл ишениме ээ болушту. Бүгүнкү күндө  бул саясатчылар тазалыгы, позицияларынын туруктуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

Сооронбай Жээнбеков болсо колуна конгон бактысын оңдуу кармап кала албай, жалаң Атамбаев менен кармашып жүрүп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, эң кур дегенде бир казык какпай төңкөрүш менен кызматтан кетти. Ордун Садыр Жапаров басты. 

Ырасында, элге үмүт берип, артынан ээрчиткен, ишеним жараткан лидерлердикоомдук кырдаал бышырып, жетилтет. Мына азыр бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Садыр Жапаров башынан оор учурду кечирип, ысык-сууктан өттү. Камалды, ата-энесинен, баласынан ажырады. Бирок мезгилдин сыноосунан сынган жок. Кайгыга мөгдөп, кайратынан жанбастан курчуду. Мына анын баарын калың эл көрүп турду. Натыйжада, башынан кыйынчылыкты өткөрдү, элдин турмушун оңдоп, өлкөнү өнүктүрөт деген аруу тилек, илгери үмүт менен минтип мамлекет башына алып келишти. Эл ишеними акталабы аны мезгил таразалайт. Эгер үмүт өчсө, ордун башка лидер басат. Бул табигый көрүнүш...

Кезинде калың эл Акаевди да, Бакиевди да, Атамбаевди, Жээнбековду дагы колдогон. Кырдаал ошондой эле. Ар бир бурулуш учурда ар кимисинин багы жанып, артынан эл ээрчип мамлекет башына келишти. Бирок бийликтин сересине чыгыш жеңил болгон менен эл ишенимин кетирбей, колуна конгон дөөлөттү кармап калуу кыйын экенин эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхы таасын көргөздү. 

Элибизде дөөлөт тоголок, бир тоголонсо токтобойт, мээнет жалпак бир жарашса чыкпайт деген ташка тамга баскандай айтылган макал бар. Эл эгеси болгондор жана эл башкарам деген төбөлдөр дал ушул накылды ар дайым эстеп, эл мүдөөсүн көздөп кара жанын карч уруп иштеши парз. Ошондо гана элдин урмат-сыйы жанбайт.

Кубан Медетов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter