У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирусту алгачкылардан болуп жуктурган кыргызстандыктардын абалы канааттандыраарлык


Кыргызстан боюнча алгачкылардан болуп коронавирусту жуктуруп алган 6 жарандын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында бейтаптардын абалы жакшы, болгону 74 жаштагы ардагердин гана абалы оорураак болуп жатат.
Бирок анын абалы коронавирустан эмес, кант диабетинин азабынын оорлошууда. "Бирөөнүн дагы дене табы көтөрүлгөн жок, жөтөлү да жок, абалдары канааттандыраарлык", - дейт Исаков.
Мындан сырткары вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1630 адам Сузактан, 700 адам Ноокаттан изоляцияга алынган. "Алардын да абалы туруктуу, эч кимисинини дене табы көтөрүлгөн жок, ызы-чуу түшүүгө негиз жок", - деди  министрдин орун басары.

Маалыматты жайгаштырган Нуркыз Рыскул кызы 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter