У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШда коронавируска каршы эмдөө алган дарыгер каза болуп калды


АКШда коронавируска каршы Pfizer вакцинасын алган  дарыгер эки жума өткөндөн кийин каза болуп калды.  Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда. 

Каза болгон дарыгердин жубайы 56 жаштагы жолдошу Грегори Майкл 18-декабрда эмдөөдөн өтүп, эки аптадан кийин каза болуп калганын айтат.
"Менин оюмча, анын өлүмү 100 пайыз вакцина менен байланыштуу. Башка түшүндүрмө жок", — деген күйөөсүн жоготкон айым.

Ал жолдошу чылым чекпей активдүү жашоо образы менен жашап келгенин, кээде гана спирт ичимдиктерин ичкенин айткан. Мындан сырткары, саламаттыгын текшерген учурунда андан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес.

Эмдөөдөн үч күн өткөндөн кийин дарыгер колу-бутунда кызыл тактарды байкап, теринин асты канталап калганын божомолдогон. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын канында тромбоцит калбай калганын аныкташкан.

Дарыгерлер ага иммундук тромбоцитопениялык пурпура диагнозун коюп, бейтапты сактап калууга аракет кылганы менен ал 3-январь күнү операцияга кире электе мээсине кан куюлуп каза болгон.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter