У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмил Токтошев: «Даяр долбоорго кол кой дешти, мен макул болгон жокмун»

Жогорку Кеӊештин депутаты Эмил Токтошев Конституциянын өзгөртүлгөн вариантына кол койгон жок. Бул тууралуу депутат өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде менин да кол койгон деп чыгарышкан. 
Мен долбоорго кол койбогонуму дагы бир жолу баса белгилейм! 
Мен конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колуму койгом. 
Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымы айтып, чыгып кеткем!
Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позицияман тайбайм!»-деп жазды Токтошев. 


o=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter