У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чет өлкөдөн алынган 1 млрд доллардан ашык насыя өлкөгө келген эмес, каражат чет өлкөдөгү банктарга которулган


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин чет мамлекеттен алынган насыяларды чет элдик банктар аркылуу сыртка чыгарып кеткен фактыны аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкө башындагылар тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо- кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында чет өлкөлөрдөн насыяларды алышкан. Бирок алынган насыялар өлкөгө келген эмес. Насыяны алгандар чет элдик банктар менен өз ара макулдашып, акчалар башка өлкөдөгү банктарга которулуп турган. Алынган насыяларга күрөө катары өлкөдөгү алтын -валюта резервинин бир бөлүгү көрсөтүлгөн.  
 
Кийин насыя алган ишканалар банкрот деп жарыяланып, алар жабылып калган. Насыяны төлөө мөөнөтү өтүп кеткенде чет элдик банктар алтын-валюта резерви менен коюлган күрөөнү алып турушкан. Мамлекет бул насыялардын бир бөлүгүн бүгүнкү күнгө чейин төлөп келери айтылды. 
 
Иликтөөнүн жыйынтыгында айтылгандай «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК, «Жибек-Жолу» АК, «Казкоммерцбанк», «Жылдыз» АК, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АК, «Чүй агроөндүрүш компаниясы», «Ала-Тоо» мейманкана-ресторандар комплекси, «Кыргыз Агробизнес» компаниясы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын өкмөтүнүн кепилдиги менен 40тан ашык насыя алган. Ал насыялардын суммасы бир миллиард АКШ долларды түзгөн. 
 
Бул факты боюнча УКМК боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter