У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингде жабыркаган 7 адамдын абалы оор, 1 адам көз жумган


Бишкекте 5-6-октябрдагы митинг учурунда жаракат алып, ооруканаларга кайрылгандардын арасынан 7 адамжын абалы оор бойдон калууда. Жалпы кайрылгандарын саны 686га жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жараат алган 164 киши ооруканада жатат, анын ичинен жети адамдын абалы оор. Учурда реанимацияда. Буга чейин министрлик оор абалдагылардын саны 13 киши экенин билдирген.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, милиция менен митингчилер кагылышкан. Анда катуу жараат алган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter