У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков Орусияга жана Венгрияга барат

 
Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда  Орусия жумушчу сапар менен, ал эми 28-29-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барат. 
 
Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдүп, алдыдагы сапарлардын даярдыктарын талкуулады.  
 
 
Иш сапардын алкагында Жээнбеков Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.
 
 
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter