У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаш кыз кызганычтан улам жигитине бензин чачып, өрттөп салган…

Тажикстанда 21 жаштагы кыз кызганычтан улам жигитине бензин чачып өрттөп салган.  Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, окуя Вахдат шаарындагы Кофарнихон дарыясынын жээгинде болгон. Вахдат шаарынын тургуну 21 жаштагы кыз 25 жаштагы жигиттин кызганып чыр чыгарып, чыр күчөп кыз жигитине бензин чачып, өрттөп жиберген. Кыздан мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун сураганда айткан эмес.  
 
Жигит алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Ал эми кыз болсо камакка алынган. 
 
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter