У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ашыгына үйлөнө албай калып өзүнө өрт койгон жигит кайтыш болуп калды



Сүйүүдөн алган дарт.... Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 1996-жылы туулган тургуну 25-май күнү өзүнө өзү бензин чачып, өрт койгон. Натыйжада денесинин 98% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Тилекке каршы жаш жигитти дарыгерлер сактай алышкан жок, ал 26-майда ооруканада жан берди.  Анын жанына 1970-жылы туулган И. С. аттуу адам да жаткан. Бейтаптын денесинин 40% күйүп, учурда абалы орточо. 

Маалым болгондой, жигит сүйлөшкөн кызынын колун сурап барса, ата-энеси кызын жаш деп бербей койгон соң ушундай кадамга баргандыгы айтылууда. Өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан экинчи киши кыздын атасы экендиги айтылат.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу» катары катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматта жаш жигит дүлөй жана дудук экени айтылат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter