У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнур Асанова: "Жоолук салынаганга шартым жок деп жүргөндөргө жоолук, көйнөк берүүгө даярмын"


Ырчы Гүлнур Асанова дин жолуна түшүп, жоолук салынгысы келип, бирок шарты жок болуп жаткан айымдарга жоолук, көйнөк белек кылаарын жазып чыкты: 

"Билесиздерби бүгүн эмне жөнүндө жазаарымды? Ал төмөндөгүчө, көпчүлүк кыз-келиндер жоолук салынсам гардеробумдагы кымбат спортивка, көйнөк жана башкалар калып кетет дешет экен. А мен бул оюңузду четке какканга мажбурмун. Мисалы, менин гардеробумда классика кийим көбүрөөк эле, ошондой эле спорт кийимдери. Ишенесизби, мен азыр баарын эле кийип жатам. Болгону рубашка менен кененирээк юбка. Ал эми спорт костюму сөзсүз кийилет экен, көрсө үстүнөн тизеге чейин келген желетка кийип алсак бүттү., эч жакка ыргытпайсыз кийимдериңизди. Ал эми бут кийимдер ошол эле, айрыкча ботинка, кроссовки түрлөп киесиз. Бул менен эмнени айткым келди? Жогорудагы гардеробум калып кетет экен деген ой сизди кармабасын. Жоолук салынсам деген ниетиңиз болсо, эч кечиктирбей салыныңыз. Бул менин чын жүрөктөн кеңешим.  Ал эми жоолукка кирмекмин шартым жок деп жүргөн кыздар болсо мен сизге жоолук, көйнөк берүүгө даярмын. Жазыңыз тартынбай! Аллахтын жолунан эч качан тартынуу, кооптонуу, ойлонуу болбошу керек. Катарымдан күтөм сиңди, эжелеримди. Аллахтын сүйүктүү пендеси болууга шашылалы". 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter