У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бердибек Жамгырчиев, акын: “Биздин кыялыбыздын жеткен чеги депутаттыкпы?”


 
Ырларынан ырахат алып, жан дүйнөң азыктана алган акындардын катарында Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев бар. Канаттуу ырлардын автору, жаш акындардын сап башында турган калемгер менен маектештик. 

Бердибек мырза, пандемия сизге кандай таасир берди? 

 - Пандемия мага эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү адам баласына чоң таасир берди. Өмүр, өлүм, тирүүлүк, ден-соолук, үмүт ар бир көз ирмемде жүрөктөн сызылып өтүп жатты.. Адам өзүнүн ким экенин, алсыз бир пенде экенин, турмушта бири-бирине кожоюн болгон менен, оорунун, ажалдын алдында эч качан кожоюн боло албасын аңдап, түшүнгөн учур болду. Тыйындын эки бети бар дегендей, бир бетинде биз жоготкон асылдар, кылымда бир жаралчу кыраандар жүрсө, бир бетинде оңолгон көз караштар, тазара түшкөн пейилдер, тазара түшкөн ойлор жүрдү.. Карантин жаңы башталганда китептерди жыйып алып, бир тобун окуп, жан азык топтодум. Ал кезде оору күчөй элек, өлүм боло элек болгондуктан, 1 айда эле буюрса оору кетсе керек деген илгери үмүт менен, бул бир чети жакшы болду, ырас китеп окуп, адамдар адамдай болуп бири-бири менен жакындан пикир алышып калат экенбиз дедим эле. Бирок, ойлогондой болбой, акыры трагедия менен аяктады. Адам баласы башка түшкөндү көтөрөт экен, баарын көтөрдүк.. Мен бул оору келе электе эле, өмүр менен өлүмдүн улуулугун күнүгө ойлоп, ыр саптарымда жазып келгем. Бул учурлар дагы да мага чоң сабак болду. Тегерек четимдеги бир топ адамдар эсирип көөп, чектен чыгып баратышты эле, ошондойдун баарын жакадан алып силккен чоң күч, чоң оору болду! Эми өткөндөн сабак алып, келечекке адамдык бийиктиктер менен барбасак, Ишенбай Абдуразаков агайыбыз айтып кеткендей, турмуш бизди кайра-кайра жазалайт!

 Көлөмдүү чыгарма жаратуу жөнүндө ойлонуудасызбы? 

 - Көлөмдүү чыгарма жазыш үчүн көлөмдүү акыл-эс, көлөмдүү сезим, көлөмдүү түшүнүк, көлөмдүү көз-караш керек болот экен. Азыр жазгандар да, окугандар да кыскалыкка качып, кыскарып эле бараткандайбыз.. Буга чейин жазган учурларым болду, бирок өз купулума толо электей сезилди. Жан дүйнөмдөгү редактор жарабайт, дагы бышыр дегендей туюлду. Кара күчкө салып, поэма жаздым, роман жаздым деп жазып чыгара берсем болмок, ошондуктан өзүмдү да, окурманды жа кыйнабай өтө жакшы деңгээлде жазып, бышырып бүткөндө анан жарыкка чыгарам. Чыгаан жигитибиз Улан Эгизбаевге арнап "Улан менен сүйлөшүү" деген поэмамды баштап койгом. Элмирбек, Зайырбек байкелерге арнаган да жаңы поэмамдын алгачкы саптары жазылды. Андан сырткары махабатты, тунук сезимди даңазалаган жа поэма жазуу ойлорум турат. Буюрса Кудайым өзү жардам берип, эргүү жүрөгүмдү уяласа, эл жүрөгүнөн түнөк таба тургандай деңгээлде жазып бүтүрүп алсам деген аруу тилегим бар!

 Обонго сөз жазууда кыйналган же купулуңузга толбогон учурлар болду беле?

Андай учурлар көп эле болот. Азыр жазылган текстке обон жазган нукура таланттар аз, көбү эле өп-чап кылып бир обондорду жамай калып, эми текст жаза калыңыз деп жакадан алат.. Текст деген кандай азап менен жазылаарын, жакшы текст таза алтындай тээ тереңден казылаарын көп ырчылар түшүнө да бербейт. Ошондуктан жазаарын жазып алып, кайра өзүм уялган, өзүмдүн купулум толбогон учурлар көп болду. Чыгармачылыкта деле баары зымга тарткандай тегиз, баардык ырларың оюңдагыдай жакшы, келечектүү боло бербейт экен. Көп учурда жанды кыйнаган баш-аягы жок обондордон баш тартам. Акчага карасам эптеп кураштырып жаза берет элем, бирок эртең ким жазды эле деп сурашса, анан менин ысымым жер карап турса не болот деген ойлорду көп ойлойм. Угуп көрүп, купулума толгон обондор болсо гана жазып калдым. Ыр жазып бер дегендердин көпчүлүгүнө жазылган ырларымдан карап көргүлө деп сунуштайм.

 Саясатка аралашуу же кайсы бир мамлекеттик ишке баруу планыңыз барбы?

 - Негизи бар болчу... Бирок биздин кыялыбыздын жеткен чеги депутаттыкпы деген ойго келдим. Жараткан ар бир адамга ар кандай талант, ар кандай мүмкүнчүлүк берет экен. Мен ар кай жакка чарпылбай, ушул акындык өнөрүмдү, акындык милдетимди татыктуу аткарып өтүшүм керек окшойт деген тыянакка келдим. Мисалга алсак Элмирбек, Зайырбек байкелер өздөрүнүн не бир керемет саптары, керемет өнөрү, адамдык бийиктиктери менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап, өлбөй турган экинчи өмүрүн жасап кетишти. Бул инсандардын өмүрү, чыгармачылыгы албетте бизди ойлонтпой койгон жок. Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу дегендей, 30 жылдан бери төрдөн түшпөй, эл ырысын тытмалап жеп келе жаткан акмак чоңдорду көргөндө, келечекти ойлогондо, мен жок дегенде ар кайсыны сүйлөбөй, акыйкатты сүйлөп , эл үнүн жеткирип турат белем деген да ойлор болот. Эгер бийликтегилер өз иштерин татыктуу алып кеткенде минтип ар кимибиз ар кай жерде сандалбай өз жолубуз менен жүрөт элек го. Тилекке каршы жегичтер элдин баарын саясаттын сазына чөктүрүп салды. Бул трагедия...Адабият , маданият менен сугарылып, азыктанып турчу келечек күнүмдүк саясат менен азыктанып, күнүмдүк жашоо менен жашап жатабыз. Азыр андан көрө акындыгымды татыктуу алып кетсем экен, элге, мекенге пайдасы тийе турган ырларды көбүрөөк жазсам экен деген гана ойдомун. Мамлекеттик кызматтар чоң жоопкерчиликти талап кылат, кээ бир чоң сөрөйлөрдөй болуп, эки сөздү жаттап алып, ак үйдү көздөй адыраңдап чуркагым келбейт. Дагы көп окуп, көп изденип, акыл-эс жакшы бышып калганда элге кызмат кылаарбыз. Ага чейин жаштыктын деми, элдин деми менен жакшы ырларды жазайын!
 
Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter