У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга сырттан 338 млн. доллар келген

Бүгүнкү күнгө чейин сырттан келген булактардан Кыргызстанга 338 млн доллар келип түштү.  Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 
 
Анын айтканына караганда сырттан келген каражаттын 207 млн. доллары сарпталган.  Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат. 
 
«Сырткы булактардан келген каражаттан 207 млн. доллар пандемия менен күрөшүүгө байланышкан чыгашаларга жумшалды. Тактап айтсак, ал каражат саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаал системаларын каржылоого, буудай жана ун сатып алууга, муктаждарга азык-түлүк таратууга жана бюджеттик төлөмдөргө жумшалды» - деди Асрандиев.  
 
Ошондой эле вице-премьер-министр пандемия учурундагы 6-7 ай ичинде бюджетте чоң жоготуулар болгонун жана ага карабастан пенсия, пособие төлөмдөрү жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акылары өз убагында үзгүлтүксүз берилгенин кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter