У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик буга дейре мынчалык чабал, алсыз, сабатсыз, мажүрөө болгон эмес...


Мына бийлик айлык, пенсия, пособие бере албай, аны бериш үчүн сырттан бюджетке жарым миллиард доллардан ашык карыз алды. Тышкы карыз көбөйдү. Бул таяктын бир учу.

Экинчи учуна келе турган болсок, быйылкы жылга эсептелген тышкы карызды төлөй албай, суранып, жалбарып жатып, төлөө мөөнөтүн кийинки жылга жылдырып, аны кубанычтуу жаңылык катары жар салды. Ошондо, быйылкы жылдыкы менен келе жаткан жылдын карызын чогуу төлөө жеңил иш эмес.

Эптеп эле быйыл эшегибиз суудан өтсө болду, келээрки жылы Кудайдын айтканын көрөбүз деген сокур саясат, өлкөнү туңгуюкка кептебесе болгону.

Кыскасы, Пушкиндин жомогундагы жыртык тепшини кучактаган кемпирдин тас кейпин кийдик. Жараткан колдоп, алтын балык эле торго түшүп калбаса кырдаал оор.

Дегенибиз, коронавирустун кесепетинен жаралган экономикадагы минус кийинки жылга да өтө олуттуу таасир тийгизет. Анткени, салыктын, бажыдан каражат түшпөй, ири жана чакан бир топ өндүрүш, ишканалар иштебей, экономика минуска кетти.
Демек, асмандан акча жаап жатпаган соң, айлык, пособие, пенсия берүү, тышкы карызды төлөө оор маселе бойдон калат. Дээрлик жарым жылдан бери бийликтин антикризистик план-программасы жок.

Бийликтин болсо эси-дарты шайлоодо. Канткенде, өзүбүздүн сөздү сүйлөгөн партияларды өткөрүп, бошоп калган басмайылды бекемдейбиз деген менен алек.

Кудай элибизге күч кубат берсин дегенден башка арга жок.

Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter