У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аселдин апасы: "Кызым интернет чукулап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек!"


Ырчы Асел Кадырбекованын апасы элге кайрылуу жасады. Ал кызынын күйөрмандарынын ачуу сөздөрүнө жүрөгү канап турганын жашырган жок. Буга Аселдин инстаграмдагы баракчасынын иштей баштаганы, чу дегенде эле салонду жарнама кылганы себеп болгон. Ырчынын катталуучулары "Эл менен учурашпай, ыраазычылык айтпай дароо жарнама кылганыңар туура эмес" деген өңдүү терс маанайдагы пикирлерин калтырышкан. Аларга Аселдин апасы жооп кайтарды. (Өзгөртүүсүз беребиз)

"Саламатсыздарбы кыргыз элим!Кутман таң! Эртең менен аябай негатив комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду! Мен энемин, кызыма ушундай терс таасир эткен сөздөрдү ыраа көргүм келбейт!Кызым эч кимге катуу сүйлөбөгөн назик инсан! Мен сиздерге, сиздер окуган дубаңыздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем! Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаңыздар мен күнөөлүү эмесмин да. Сиздерден сураныч,негатив жазган инсандар, сиздер мен жана кызым жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы?Эмне маалымат уккуңуздар келди? Кызым ооба, больницадан аман-эсен чыкты, кудайга шүгүр!Реанимацияда иштеген бүт медицина кызматкерлерине таазим кылам!Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум!Буйруса акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет чукулап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек! А салон жөнүндө жазгандарга, реклама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң дегендерге айтаарым! Салонду реклама кылуу менин ишим! Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп! Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле!Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот!Эч кимди балам деп сыздатпасын! Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграммга кирбей эле коюңуздар,өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө  батпаңыздар!Дуба кылып,кызым үчүн сарсаана болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем!" дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter