У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт башчы күзгү кырдаалга даяр болууга чакырып, Бишкектеги жаңы оорукананын курулуш иштери менен таанышты


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып,  бул жумуштарды айтылган мөөнөттө аяктоо керектигин белгиледи.
 
«Пайдубалы түптөлдү, учурда дубалдары менен ичин жасоо иштери жүрүп жатат. Өзүңөр билгендей, өлкөгө жугуштуу оорулардын ооруканасы абдан керек болуп турат. Ошондуктан оорукананын имаратын алдын ала даярдалган  тез тургузулуучу панель конструкциясы менен куруу чечими кабыл алынды. Муну менен биз жаңы оорукананы кыска убакытта бүткөрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Куруучулардын милдети - башталган нерсени аягына чейин бүтүрүп, объектини өз убагында өткөрүп берүү», - деди Кубатбек Боронов.
 
Ошондой эле күзүндө эпидемиологиялык кырдаал курчушу мүмкүн экени айтылып жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медицина тармагындагы адистерди келишимдик негизде ишке тартуу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасын Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди.  Бардык облустардагы ооруканалардан тарта фельдшердик-акушердик пункттарга чейин керектүү каражаттардын запасы болуш керектигин белгиледи. 

«Бул маселелер туруктуу негизде көзөмөлгө алынууга тийиш. Жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөп каралбаганы, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу жалпы ишке кедергисин тийгизет. Учурда медицина кызматкерлери жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшүүдө. Биздин негизги максат - коронавирус менен өпкөнүн сезгенишинен каза болгондордун санын максималдуу түрдө азайтуу жана өлүмгө жол бербөө. Ар бир бейтапка жекече мамиле кылынууга тийиш», - деди Өкмөт башчы. 

Жыйында коомдук жайларда, базарларда жана транспортто санитардык көзөмөлдү күчөтүү милдеттендирилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter