У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Икрамжан Илмиянов жазасын өтөп жаткан №47 абактан жатак абагына которулганы туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянышып жазып чыкты. 
 
ЖАМК бул тууралуу азырынча маалымат бере элек, ошондой эле Илмияновдун жактоочусу да анын жатак абакка которулганынан кабары жок экенин маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулушун кээ бир адамдар күзүндө өтүүчү шайлоодо менен байланыштырып, ал бийликтин партияларына керектүү добушту алып берүү үчүн жатак абакка которулду деген божомолдорду да айтышууда. 
 
Эске салсак, Икрамжан Илмиянов 2019-жылы «Алдамчылык» беренеси менен соттолуп, 7 жылга эркинен ажыратылган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter