У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Туманбаев «Клексан», «Гепарин» дарыларын элге бекер таратат

Коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоодо зарыл болуп жаткан “Клексан”, “Гепарин” сыяктуу дарыларды жеке ишкер Каныбек Туманбаев элге бекер таратат. Бул тууралуу журналист Шайырбек Абдырахманов өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
 
 “КаныбекТуманбаев деген мыкты иним бар. Жанагы табылбай жаткан КЛЕКСАН, ГЕПАРИН сыяктуу дарылардын бир топ түрүн буйрутма берип, алдырыптыр. (Угушума караганда көп дейт.) Бүгүн дарыга муктаж адамдарга бекер таркатып баштайт экен. Азаматсың үкөм! Бул жакшы жаңылыкты угуп абдан кубандым!»-деп жазды ал. 

Ошондой эле аталган дарыларга муктаж болгондор Бишкектен бекер алса болот экенин айтып Рано Ибраимова дары таратылып жаткан даректи  социалдык баракчасына жазды.  

"Клексан жана башка керектуу дарылар алып келинди. Бекер берилет, Бишкекте. Элдин уулу Каныбек Туманбаевге чон ракмат!
Урматтуу достор, "Клексан" дарысын издеген, чынында муктаж адамдар саат 14:00 Темирова 71 дарегине (Медерова менен кесилишке) келиӊиздер. Сураныч, алып-сатарлар, анан көп алабыз дегендер келбеӊиздер. Барына жетсин, келгенде тартипти сактап, аралыкты сактап, ынтымак менен алып кетиӊиздер. Эгерде, көп эл чогулуп, түртүшүп, тартышып, тартипке баш ийбөөчүлүк болсо, анда адамдардын саламаттыгын эске алып, таратуу токтойт.
Дарыны Каныбек Туманбаев өзүнүн каражаты менен алып келип, элге бекер таратып берет"-деди Рано.

Рано Ибраимова с Каныбеком Туманбаевым.
2 ч.· 

Клексан жана башка керектуу дарылар алып келинди. Бекер берилет.Бишкекте.
Элдин уулу Каныбек Туманбаевге чон ракмат!
Урматтуу достор, "Клексан" дарысын издеген, чынында муктаж адамдар саат 14:00 Темирова 71 дарегине (Медерова менен кесилишке) келиӊиздер. Сураныч, алып-сатарлар, анан көп обьем талап кылгандар келбеӊиздер. Барына жетсин, келгенде тартипти сактап, аралыкты сактап, ынтымак менен алып кетиӊиздер. Эгерде, толпа болуп, түртүшүп, тартышып, тартипке баш ийбөөчүлүк болсо, анда адамдардын саламаттыгын эске алып, таратуу токтойт.
Дарыны Каныбек Туманбаев өзүнүн каражаты менен алып келип, элге бекер таратып берет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter