У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акматова: "Пневмонияны рентгендин жыйынтыгы менен дарылай берсе болот"

Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-июлдагы онлайн брифинг учурунда билдирди. 
 
"Учурда пневмония оорусу күч алып жаткандыктан көпчүлүк дарыгерлер өпкөнү текшерүү үчүн бейтаптарды компьютердик томографияга жиберишүүдө. Айрымдар томографияга өздөрү барып текшерилип жатышат. Ошондуктан ал жакта кезек күткөндөр көбөйүүдө. Тилекке каршы, бардык стационарларда компьютердик томография жүргүзүү мүмкүн эмес. Ушул нерсени эске алып министрлик рентген изилдөө жүргүзүү боюнча медиктерге окутууларды өтүп жатат. Ошондуктан рентген изилдөөнүн жыйынтыгы менен бейтапты дарылай берсе болот", — деди Акматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter