У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медицина кызматкерлердин кошумча төлөмдөрү 25-30 пайызга көтөрүлдү

Коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлердин эмгек акысынын кошумча төлөмдөрү 25-30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 
 
Малыматка ылайык, «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга  өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу  Өкмөт бул мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштерди баштады. 
 
«Тактап айтканда медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша орточо 25 – 30% көбөйтүлөт», – деп билдирди Боронов.
 
Мурда инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вируслогиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Ошондой эле буга чейин 1 ай ичинде 14 күн изоляцияда болсо, аыркы учурда изоляцияда болууну 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилип жатат. Изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан 72 000 сом кошумча төлөм алат, буга чейин бул сумма 47 000 сомду түзгөн. 
 
Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулайт. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter