У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлердин кошумча айлыгы көбөйтүлөт

Учурда коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин кошумча айлыгы көбөйтүлөт жана июнь айынын акчасы 10-июлга чейин төлөнүп берилет. Бул тууралуу 2-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
 
Маалыматка ылайык, медкызматкерлердин айлыгын төлөө үчүн июнь айына республикалык бюджеттен 109,6 миллион сом бөлүндү. Буга чейин кооптуу шартта иштеп жаткан медкызматкерлердин айлыктары элден чогулган каражаттын эсебинен төлөнүп жаткан. Коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлерди колдоо үчүн коомчулук тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине каражат которулуп турган. Июнь айынын тартып кошумча маяна эл чогулткан акчадан эмес, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилмей болду.
 
Өлкө боюнча жалпысынан 921 медицина кызматкерлери вирус жуктуруп алды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter