У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алды


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус илдетин  жугузуп алгандыгына байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынындагы ант берүүгө катыша албайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант беришет. Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-анализи илдет бар экенин көрсөткөн.

"Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды. Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter