У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таштанды бала

Төртүнчү төрөт үйү... Түнкү саат экилер чамасында телефон аркылуу, «Балаңыз ыйлап жатат»- деген медайымдын чалуусунан улам, мен шашып баламды лампага салган палатаны көздөй коридор аркылуу учуп бараттым. Чын эле аябай ыйлап жатыптыр. Жетерим менен баламды боорума кысып, отура калып эмгизип кирдим, ыйлаганы токтоп калды. Медайым, жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйлөнүп жатыптыр: 

- Дээги сен тойосуӊбу? Болду үчүнчү жолу сурап жатасың, ашыкча бергенге болбойт. Жат, укта- деп чоң адамга кайрылып жаткандай үнүн бийик-бийик чыгарып наристени кагып жатты. Аны да түшүнүп турам, жаш кыз уйкуга мас болуп, эптеп таң атса, кезегин тапшырып, үйүнө кеткиси келип араң турат. 

-Аны эмне эле кагып-силкип урушасыӊ, байкушум өзү жарык дүйнөгө кечээ эле келсе, энесин чакыр эмизип кетсин- дедим. 

- Ой эже, каяктагы энесин айтасыз, "таштанды бала" энеси кечээ төрөп, арыз жазып таштап кетти деди. Отурган жеримде катып калдым, жүрөгүм тилинип кеткендей болду.   Медайымдын "таштанды бала"- деген сөзү жандүйнөмдү үшүтүп жиберди. Чыйрыга түштүм… 

- Эже сиз балаңызды кайра лампага салып, өз палатаңызга барып уктай бериңиз ыйласа кайра чакырам деди. Макул болгон жокмун. Буттарым тушалып, басууга дарманым жок эле. Оюмдун баары энеси таштап кеткен балада болуп:

- Мен баламдын жанында болом, балким сен 30 мүнөт эс алып аласыӊ…балдарга карап турам дедим. Ал макул болуп, ошол жердеги керебетке эңкейе отуруп уйкуга кирди.  Бул бала өз энеси таштап кеткенин билбей мемиреп тынч уйкуда.  Тилин чыгарып эмчек издеп, энесин күткөндөй шордуум... 

Ээй, таш боор күкүк энелер! Жакынкы жылдарда силердин саныӊар арбып барат.  Силердей абийирсиз, эне деген ыйык атка татыксыз, арсыз акмактардын айынан, наристелер энеси тирүү туруп кор болуп жатат. Бул баланы көргөн кездеги абалымды, бир гана өзүм түшүнөм, балама шерик, эгиз кылып багып алгым келди, бирок мени жолотушкан жок.  Бактылуу болушун жараткандан омүр бою тилеп келем... 

Энеси таштап кеткен баланын тагдыры, бир кудайга гана маалым. Секет кетейин, бул бала азыр 4 жаштан ашты. Анын тагдыры мени азыркыга чейин ойлондурат. Канча жолу багып алууга аракет жасап коңгуроо кылдым. Эч натыйжа болгон жок. "Балдар үйүнө өткөрүп бердик, ал жактан бирөөлөр асырап алышты"- деген гана жоопторду уга алдым. Балким апасын көрүп калганда, ушул ширин баланын энеси болуп калмак белем, ким билет.  Эч бир бала өз ата-энесинен ажырап жетим калбасын... жараткан ар бир адам баласына ыйман берсин деп тилейт элем.
    
               Таштанды бала!!!
 
 "Таштанды бала"- деген сөздөрдү угуп калдым, 
Баланы көрөр замат жанына жетип бардым. 
Көзүмдөн аккан жашым жүрөккө тынчтык бербей, 
Баланы таштап кеткен энени кирдим тилдей. 
 
Тогуз ай ичте көтөрүп, тогуз саат толгоо тартыпсын, 
Энелик сезим ойгонбой баланы таштап качыпсын.
Аллахым берер жазасын, 
Таш боордук кылган саткындын. 
 
Көзүмө өзүм ишенбей, 
Таштанды десе медбийке, 
Жүрөгүм түштү титирей,
Жанына барып соороттум,   
Жан дүйнөм менен эзиле. 
 
Жүрөктөн ыйлап турдум,
Жылмайып күлүп жатат, 
Бир метр чүпүрөктө, 
Таштанды бул наристе, 
Энесин издеп жатат. 
Башкалар эмчек сорсо, 
Бул бала упчу соруп. 
Жүрөгүм канап турат, 
Алладан жардам сурап, 
Жараткан өзү колдоп, 
Жакшы адам туш болсо экен, 
Энелик сезим козгоп. 
 
Мемиреп күлүп жатат,   
Жашоодон кабары жок, 
Бойтойгон бул наристе, 
Эч качан күнөөсү жок. 
Эртенки келечегин ким ойлойт, эмне болмок. 
Ойлобой өз апасы, кылчайбай таштап кетти, 
Баланын баркын билбей ,
Ушинтип көнгөн окшойт. 
Көчөдө көп жүрүшүп, 
Боюна бүтүрүшүп
Төрөшүп таштап кетет,
Бейкүнөө наристени, 
Таштандыга ыргытышып. 
 
Шумдугун түшкүр заман,
Кыздардан кетип ыйман
Тар жолдо баратабыз
Ээй кыздар, дагы эмне жаратабыз, 
Акылга келгилечи, абийирди бекем сактап, 
Энелер бар болсунчу, жүрөлү атын данктап! 

Автор:Турдубаева Н.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter