У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-башы райондорунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын алып кетти


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда катуу шамал болуп, анын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары бузулганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунда 25-майдын кечинде ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал Баетов айылындагы эки дүкөндүн жана бир ашкананын чатырын учуруп кетти.

Ат-Башы районунда ушул эле күнү ылдамдыгы секундасына дээрлик 25-27 метрге жеткен шамал катталды. Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры жана бир короодогу сарайдын 72 чарчы метр чатыры учуп кетти. Учурда шамалдын кесепетинен тарткан зыян эсептелинип жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter