Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-башы райондорунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын алып кетти
- 26.05.2020, 11:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда катуу шамал болуп, анын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары бузулганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунда 25-майдын кечинде ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал Баетов айылындагы эки дүкөндүн жана бир ашкананын чатырын учуруп кетти.
Ат-Башы районунда ушул эле күнү ылдамдыгы секундасына дээрлик 25-27 метрге жеткен шамал катталды. Шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры жана бир короодогу сарайдын 72 чарчы метр чатыры учуп кетти. Учурда шамалдын кесепетинен тарткан зыян эсептелинип жатат.