У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга дагы 121,1 млн. доллар бөлөт

Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу комитети Кыргызстанга 121.1 млн. доллар бөлүүгө макулдугун берди. Мындай чечимди ЭВФтин аткаруу комитети 8-майда кабыл алды. Каражат коронавирустун жайылуусунун алдын алууга жумшалат. Бөлүнгөн каражат саламаттык сактоо тармагына сарпталып, өлкөнүн экономикасына көмөк көрсөтүүгө да багытталат.
 
Эске салсак, бул пандемия башталгандан тартып Эл аралык валюта фондунун Кыргызстанга берген алгачкы насыясы эмес. 31-мартта ЭВФ тарабынан120,85 млн. доллар жардам көрсөтүлгөн. Ал каражат толугу менен жумшалган. 
 
Пандемияга каршы күрөшүү жана  алдын алуу  максатында  ЭВФ тарабынан биринчи бөлүнгөн $120, 85 млн. доллар каражат төмөнкү багыттарга сарпталган:

Айлык акылар – 3 млрд. 994.4. млн сом, 

Соцфондко – 1 млрд. 834 млн сом, 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 1 млрд. 210 млн. сом,
 
Жарандарга социалдык жөлөк пул жана социалдык жардам берүү – 869,2 млн. сом, 

Социалдык муктаждыктарга – 468,7 млн. сом, 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айлыктары – 160,8 млн сом, 

Стратегиялык запастар – 153 млн. сом (Мамлекеттик материалдык резервдик фонддун дан-эгин сатып алуусу), 

Медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алуу – 106,3 млн. сом, 

Өлкөгө өзгөчө абал киргизилгендине байланыштуу азык-түлүккө муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө - 100.4 млн сом.

Калган 1 млрд 359.8 млн сом май айынын башында республикалык бюджеттин социалдык чыгашаларын жабууга жумшалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter