У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акжол Махмудов Норвегияда өтө турган Дүйнө чемпионатына барбайт


Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Норвегияда өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна барбай калды.
 
Турнир 2-10-октябрда Ослодо өтөт.
 
Япониядагы Олимпиаданын катышуучусу Жоламан Шаршенбеков Норвегиядагы дүйнө чемпионатында күч сынашат.
 
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:
 
55 кг чейин салмакта - Нурмухаммет Абдуллаев;
 
60 кг чейин салмакта - Жоламан Шаршенбеков;
 
63 кг чейин салмакта - Калы Сулайманов;
 
67 кг чейин салмакта - Амантур Исмаилов;
 
72 кг чейин салмакта - Руслан Царев;
 
77 кг чейин салмакта - Кайрат Түгөлбаев;
 
82 кг чейин салмакта - Калидин Асикеев;
 
87 кг чейин салмакта - Азат Салидинов;
 
97 кг чейин салмакта - Бексултан Махмудов;
 
130 кг чейин салмакта - Роман Ким.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter