Кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болду
- 11.02.2022, 11:53,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандык кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев (Смерч) каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбоксинг федерациясы билдирди.
Ал 44 жашта болчу.
Канатбек Сыдыгалиев - 1999 жана 2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону, 2000-жылы Европа чемпионатынын коло байге ээси, 1999 жана 2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, 2003-жылы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси, 2-жылы Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, 2-жылы Европа чемпиону болгон.