"Дүйнө чемпиону болом" деген кыялы кырктын кырын ашканда орундалды
- 31.01.2020, 00:34,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чынарбек Изабековдун бала чагындагы "дүйнө чемпиону болом" деген кыялы кырктын кырын ашканда орундалды. СССР курама командасына мүчө болуп, каруу күчкө толуп турганда ден соолугунун айынан спорттон кеткен. Кийин дарыгерлердин кеңеши менен спортко кайтып келип, өз тилегине жетти. 50 жаштагы балбан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү жана үч жолку байгесинин ээси. Жеке каражатына спорт зал куруп, улуттук курама команданын мүчөлөрү баш болгон жүздөгөн балбандын машыгуусуна шарт түзгөн. “Азаттыктын” кыргыз күрөшүнүн чынар терегине айланган ардагер спортчусунун баскан жолун баяндаган «Чынар» даректүү тасмасы. (Мамлекеттик архив жана Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) архивдик видеолору колдонулду).