«Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыкса, БШК партияны каттоого даяр
- 05.09.2020, 14:31,
- Шайлоо 2020
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыкса БШК аны кайра каттоого даяр. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылууга толук укуктуу жана 25-сентябрга чейин, бюллетендер басылып чыкканга чейин аларда убакыт бар. Эгер алар соттон утуп чыкса, БШК партияны кайра каттап, алар шайлоого катышууга укук алат.
Соттор шайлоо талаштары боюнча чечимдерди тездетилген тартипте-үч жумушчу күндүн ичинде чыгарат.