Мелис Аспеков президент ырайым берип абактан бошотулду...
- 30.05.2023, 13:23,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Пара талап кылуу жана алдамчылык боюнча айыпталган активист Мелис Аспеков абактан бошотулду. Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.
Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкканын жактоочусу да билдирди. Ырайым эмненин негизинде берилгени толук маалымдала элек.
Жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылууга шектелип, 2021-жылдын 9-январында кармалган. Мелис Аспековго карата Биринчи Май райондук соту 7 жылга эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарган.