У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урмат Барыктабасов вице-премьер-министр Асрандиевге акыл айтты…


Акыркы учурларда Барыктабасов Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал боюнча байма-бай сунуштарын айтып, билдирүүлөрдү жазууда. Саясатта тыныгуу жасап, көп чыкпай калды эле, кийинки кездери жанданды. Учурда коронавирустун айынан Кыргызстан тыштан карыз алуу маселесин айтып, башка жол таппай карайлап, чабалдыгын айгинелеп жатат. Дал ушул жагдай боюнча Урмат мырза фейсбуктагы баракчасына бийликти сындаган билдирүү жазды. Өзгөртүүсүз беребиз…

- Асрандиев Э. 500 млн карыз алабыз дейт. Ушундай абалда жоктон бар жасаш керек эле. Аны ичип жеп салгандан кийин эмне кыласыңар? Албетте жоктон барды ойлоп тапканга акыл керек, ал көрүнбөйт. Карантин бүткөндө, эл эмне менен алек болот? Дүйнө жүзү отурду. Илгерки жашоо уланбайт. Ушуну түшүнүп, билип алгыла. Өлүмдү узарткан сыяктуу эле көрүнүш. Пакет таратып отура бересиӊерби? Карыз алмай бул иш эмес. Иш менен качан алек болосуңар?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter