У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош облусунун губернатору 3иядин Жамалдиновдун мыйзамсыз жер каттатууга буйрук кылган аудиосу чыкты...


 Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун өзүм билемдик, өкүм зордугуна чыдабай Кара-Суу районунун Төлөйкан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын тапшырганы боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат. 
 
Өзгөчө Жамалдиновдун дарегине ачуу сындар арбын айтылууда. Социалдык тармактарда тарап жаткан аудиого көңүл бура турган болсок, Зиядин Жамалдинов мыйзамга шайкеш келбеген жерди мыйзамдаштырып токтом чыгарып бересиң деп Төлөйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кыйнап жатканын укса болот. 
 
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдиновду Оштогу жакшы жерлерди өзүнүн жакындарына күчтөп жаздырып алып жатат деген сын-пикирлерди парламентте айтышкан. 
 
Бирок эмнегедир президент Садыр Жапаров Жамалдиновго келгенде эле айтылып жаткан нааразы пикирлерди, сынды уккусу, көргүсү келбей жатканы көпчүлүккө түшүнүксүз болуп жатат. 
 
Ошондо мыйзам бир гана бейбечараларга иштейби? Адилеттик, акыйкаттык кайда калат?
 
Бирок, бул маселеге байланыштуу Жамалдиновдун маалымат кызматы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу социалдык тармакта тарап жаткан аудио жаздырууну атайын уюштурулганын жана керектүү сөздөр кыркылып, толук версиясы монтаж болгон деп эсептешээрин жарыя кылышты. 
 
"Сөз болуп жаткан 5 гектар жер аянты Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө карабайт. Ал жер өнөр жай багытындагы жеке менчик жер, ээси жеке тарап. Ошол жер ээси Ош облусунун башчысына кайрылып, өнөр жай багытынан калктуу конушка өзгөртүп берүүнү суранган. Мындай жол менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына акысыз жер тилкесин берүүнү айткан. Төлөйкөн айыл өкмөтү Ош шаарына жакын жайгашкандыктан жер тилкесине кезекке турган жарандардын саны көп.
 
Аудио жазуу боюнча: Ош облусунун башчысы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен болгон сүйлөшүүдө эч кандай мажбурлоо аракетин жасаган эмес жана мыйзамдуу болсо тургундардын жер тилкеге болгон муктаждыгын чечүү сунушун айткан. Бирок атайын жаздырып алган аудио жазууда ал сөздөр чыкпай, монтаждалган. Бирок, бүгүнкү күндө аталган маселе сөз болгон боюнча калган. 5 гектар жер аянты өнөр жай багытынан өзгөртүлгөн эмес.
 
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар дайым мыйзамдуулукту алдыңкы орунга коюп, Ош облусунун тургундарынын жерге болгон кезек күтүү, жерге болгон муктаждыкты чечүү максатында иш алып барууда" - деп билдирди...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter