У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алып салууну сунуштоодо...


 Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун (пеня) алып салууну сунуштады. Бул сунуштун негизинде Тартип бузуу жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду.
 
Ички иштер министрлигинин айтканына караганда, айып пул төлөгөн айдоочулардын 7,1 пайызы айып пулду туум менен төлөгөн. Ошол эле учурда  айып пулдун туумун өндүрүүгө бюджеттен бир жылда 118,4 миллион сом каражат сарпталат. Бул каражат почта кызматына, кагазга, сот аткаруучулардын чыгымдарына кетет.
 
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 3 миллион 708 миң 293 токтом чыгарылган.
 
Эске салсак, быйыл 8-марттан тартып өлкөдө жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлөмү көбөйтүлүп, жазалар күчөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter