У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия Кыргызстанга 9 мектеп курат. Келишимге кол коюлду

 

 Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен Россиянын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасында орус тилинде окута турган тогуз мектеп куруу боюнча келишимге кол коюшту. Салтанаттуу иш-чара бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында өттү.
 
Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчук белгилегендей, билим берүү мекемелерин 2025-жылга чейин бүтүрүү пландалууда. Аларда 1-класстан 11-класска чейинки балдар билим алышат.
 
«Келишимге кол коюу менен биз бул долбоорду кийинки жылы баштоо үчүн бекем укуктук жана ченемдик базаны түзүп жатабыз. Бул эки тараптуу мамилелердеги чындап эле тарыхый окуя жана анын күбөсү жана катышуучусу болуу мага чоң ырахат тартуулайт. Бул мектептер республикабыздын сапаттуу билим алган кичинекей жарандарынын экинчи үйү гана болбостон, орус тилин үйрөнүүгө жана өлкөдө кеңири жайылтууга кошумча жагымдуу шарттарды түзөөрүнө ишенем”,-деп белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter