У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча кытайлык компания менен келишим түзүлдү


     «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков менен Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Чжэн Хансонг Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
 
Жалпы кубаттуулугу 21 миц киловатт келген уч гидроагрегаты бар чакан ГЭСтин курулушу республиканын суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга мумкундук берет. Станция Орто-Токой суу сактагычына курулат. 
 
«Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандагы биринчи суу сактагыч болуп саналат, ал Чүй дарыясынын агымын сезондук жөнгө салуу жана 120 миң гектар жерди сугарууга арналган. Орто-Токой кичи ГЭСинин иши суу сактагычтын ирригациялык режимине ылайык жөнгө салынат”,-деп билдирди Энергетика министрлиги.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter