У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орто-Токойдогу суу сактагычы ижарага берилгенби?..


 Кыргызстандын балыкчылары Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилгенин жарыялашты. Билдирүү «Сейчас» Telegram каналында жарыяланды.
 
Алардын айтканына караганда, 12-январдын алдында жарандарга суу сактагычтын аймагынан балык уулоого тыюу салынган. Балык уулоого тыюу салгандар өздөрүн «суу сактагычтын ээлерибиз» деп тааныштырган.
 
«Буга чейин эле «өздөрүн суу сатагычтын ээлерибиз» дегендерге балыкчылар жолуккан. Андан кийин Суу чарба башкармалыгына да кайрылышкан. Аларга маселени чечип, балык уулоо үчүн минималдуу төлөм боюнча макулдашууга убада беришти. Албетте, бул төлөм маселеси азырынча чечиле элек. Бирок кеп анда эмес, кантип суу сактагыч жеке колго өтүп кеткен? Орто-Токойдун негизги милдети — Чүй облусунун жана Казакстандын түштүгүндөгү айыл чарба жерлерин сугаруу», — деп айтылат маалыматта.
 
Балыкчылар жамааты Башкы прокуратурадан бул окуяга көңүл буруп, тендердик документтерди дыкат текшерип, келишимдин мыйзамдуулугун аныктоону суранат.
 
Суу сактагычтар же алардын айрым участоктору балык өстүрүү максатында пайдаланууга тендердин негизинде он жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн экенин Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
 
2021-жылдын 16-июлунда Департаментте ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү. Сынактын жыйынтыгы боюнча критерийлерге жана баалоо таблицасына ылайык (Орто-Токой суу сактагычы) боюнча эң жогорку балл алган катышуучу – «Орто-Токой Ынтымагы» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды.
 
2021-жылдын 2-августунда Балык чарба департаменти менен «Орто-Токой Ынтымагы» ЖЧКсынын ортосунда «Балык чарбасын өнүктүрүү үчүн суу сактагычты (акваторияны) пайдаланууга берүү жана балык өстүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө» келишим түзүлгөн.
 
Орто-Токой суу сактагычында балык өстүрүлгөндүктөн, балык уулоого убактылуу тыюу салынган Айыл чарба министрлиги билдирди.
 
 «Азыр суу сактагычта балык уулоо үчүн кое берилген жаш балыктар өстүрүлүүдө. Андыктан сынактын негизинде утуп алган «Орто-Токой Ынтымагы» ЖЧКсы балык уулоого уруксат бербей жатат. Илимдер академиясынын жана Суу чарба департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдик изилдөөлөрдөн кийин балык уулоо кайра башталат», - деп билдирди министрлик.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter