У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Тынч эле Канадага кетүүгө даярмын..." Теңиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, ырайым сурады...


Тергөө абагында отурган Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сурады. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.
 
Жактоочу Бөлтүрүктүн камакка алынганына беш айдын жүзү болгонун эске салып, анын Кумтөрдү кайтаруудагы эмгегин белгилеген.
 
Теңгиз Бөлтүрүк сөз башында Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди канааттандырарлык түрдө аткара албаганы үчүн кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнгөн.
 
Ал катында жумасына 75-80 сааттан иштесе да Улуттук холдингдин иштерин, кесиптештерин көзөмөлдөөгө жалгыз үлгүрбөгөнүнө токтолгон.
 
Бул тууралуу: "20 жылдан ашык Кумтөрдө терең сиңип, жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок Сизге мен сөз бергендей, өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун. Сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка калтырган жокмун жана эч качан кылбайм", — деп жазылган катта.
 
Бөлтүрүк, мындан тышкары, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук жаратса тынч эле Канадага кетип калууга даяр экенин белгилеген.
 
 - Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенимсиз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз Сизге жардам берүүгө даярмын. Колуман көп жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары кудайдын жана Сиздин колуңузда, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем, — деп кат соңуна чыккан.
 
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. 
 
Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.

 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter