У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылды…


Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага ооруканада даарыланууга уруксат берилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
 
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова дагы маалыматты ырастап, Сооронкулова жеке менчик ооруканада экенин тактады.
 
Бул тууралуу: Элеонора Сабатарова "Дарыгерлердин демилгеси менен кечээ жаткырылыптыр. Азыр бардык текшерүүдөн өтүп, анан дарыгерлер жыйынтык чыгарат. Жеке менчик ооруканага жаткырылды", - деп билдирди.
 
Биринчи Май райондук соту 17-февралда Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган. Клара Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу операцияга муктаж экенин билдирген.
 
Коомчулукта Кемпир-Абад иши деп аталган отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттер “массалык башаламандыкка” шектелип камалган. Алардын үчөө ооруканага которулуп, төрт киши үй камагында.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter