У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаевдин колдоочулары – профессионал, моралдык, идеялык жактан туруктуу, сапаттуу солдаттар...


 Эми мындай бир туугандар!
 
Чын-чынында Атамбаев маалымат аянтчасындагы стратегияны жакшы түшүнөт.Тактиканы да мыкты өздөштүргөн.
 
Атайын даярдалган маалымат колдоосу дагы бар, сапаттуу экен, өзүңүздөр байкагандай.
 
Бул факт. Аны моюнга алыш керек, албетте.
 
Дегеним, "точечный" согууларды хайп жаратуучу төмөнкү сөздөр менен башталган. Үстүртөн карап көрсөк алар:
 
1. "Мен ЭКСтер сүйлөшүүгө келерин билген жокмун";
 
2. "Туалетке чыгып ошондон ары кетип калдым";
 
3. "Стабилдүүлүк менен Бакиевдердин келери - бул эки башка нерсе".
 
Келтирилген ушул 3 тезис -   дал ошол стратегия десек болот.
 
Ал эми шахмат оюну стратегия менен эле чектелбейт эмеспи.
Ошондо тактика кадамдары кандай болду экен деген суроого жооп катары мен Атамбаевдин тарапташтарын айтат элем.
 
Анын командасын эмне менен айырмаланып турат?
 
Өзүңөр байкап келе жаткандырсыңар булар, орусча айтканда:  "живые люди", "идейные бойцы", "преданные боевые женщины"... 
 
Бир сөз менен айтканда - сапаттуу солдаттар. Моралдык, профессионалдык жактарын алып карасак...
 
Буларды мен Атамбаевди мактайын, же жактайын деп айтып жатканым жок.
 
Атамбаевдин "күрөң схемаларын" алты жыл тынбай айтып келе жаттым. Тем более, ал киши бакыйган президент болуп отурганда. Анткени менин да бетке "балп" этмей жагым бар. 
 
Маселе башкада болуп жатат, туугандарым.
 
Президент Садыр Жапаров дун учурда дал ушундай "сапаттуу тарапташтары барбы"?
 
Жанында булбулдай сайрашып жүргөндөрүнүн ар-биринин баракчаларына эринбей кирип да көрдүм.
 
Тилекке каршы, тып-тынч. Өз аттары менен чыгып ачык - айкын жазып чыккандар жокко эсе.
 
Ооба, баягы тамырсыз фейктер чыгымыш болуп жатышат, эгиз козудай окшош тексттер менен... 
 
А бирок тирүү, нукура аналитик , блогер, коомдук жылдыздар кана?
Сыйпаласам да көрүнбөйт го?
 
Иши кылып калыс адам катары, баарыңыздарга ийгилик каалайм. 
 
Эсиңиздерге бир нерсени эле салып коёюн, фабрика жетекчилери!
 
Тажатма, эгиз постторду жамгырдай жаадыраткан болсоңор, тескерисинче "обратный эффект" жаратып аласыздар.
 
Эл баарын билип, сезип турат эмеспи. Ошон үчүн өз атыңыздардан ошол шахматист Атамбаевге фейктердин артына жашынбастан жооп бергиле. 
 
Дүжүр-аксакал, иксперттерди да аттын кашкасындай таанып калганбыз. Демек, алардын "посттору", "КТР-комментарийлери" эч кимге керек эмес.
 
Туура түшүнөсүздөр. 
 
Урматтоо менен, журналист Гульмира Тыналиева.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter