У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Тажикстанга аскердик техникаларды тапшырды

 
 АКШ Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өлкөнүн Ооганстан менен чек арасындагы укук коргоо органдарынын инфраструктурасын чыңдоо үчүн аскердик техникаларды тапшырды. Бул тууралуу “Азия плюс” Тажикстандын Химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча агенттигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
 
«Техникалык жардам Ооганстан менен чек ара тилкесинде Тажикстандын укук коргоо органдарынын инфраструктурасын бекемдөөгө багытталган «Жашыл чек ара коопсуздугу» долбоорунун алкагында берилди», — деп айтылат маалыматта.
 
Бөлүм белгилегендей, АКШнын Энергетика министрлигинин атынан атайын кийимдер, ок өтпөс жилеттер, тоолуу аймактарда операцияларды жүргүзүү үчүн жабдуулар, миналарды тазалоо үчүн атайын коргоочу формалар, түнкү көрүүчү аппараттар, дүрбү, монокль, радиостанциялар, аскердик унаалар, ошондой эле атайын өзөктүк жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо үчүн жабдуулар орнотулган транспорт каражаттары берилген.
 
Белгиленгендей, Химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча агенттиктин директору Илхом Мирсаидзода улуттук координатор катары АКШнын Энергетика министрлигинин атынан УКМКнын колдонуусу үчүн аскердик жүктөрдү тапшырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter