Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директору кармалып, камакка алынды
- 19.01.2023, 13:59,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Бишкек кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Белгиленгендей, соттун чечими менен компаниянын мурдагы топ-менеджери март айына чейин камакта болот.
Буга чейин издөөгө алынган Канат Курманов Түркиядан Кыргызстанга алынып келингени айтылган. Ал 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалган.