У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды


 «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Ага ылайык, Канат Курмановго КР Кылмыш-жаза кодексинин «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны камакка алуу баш коргоо чарасын сыртынан тандаган.
 
Эске салсак, Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгоду. Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы директору Рыспек Токтогулов кармалды. Рыспек Токтогулов бир айга камакка алынды. Тенгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter