Камчыбек Ташиев: «Оор кылмышка шектелген депутаттар бар. Экспертиза чыгып жатат»
- 24.11.2022, 12:50,
- Саясат / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы
Камчыбек Ташиев билдирди.
«Биз эч кимге эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Кылганга акыбыз дагы жок. Эки депутатка иштер бар. Араңыздарда өтө оор кылмышка шектелген адамдар бар. Экспертизалар дайындалып чыгып жатат. Териштирүү керек. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо, анан дагы айтып чыкпагыла. Учурда тиешелүү адамдар арыз берди», — деди ал.