Ташиев: “Колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, эмне кыларымды билесиз”
- 17.11.2022, 13:13,
- Саясат / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутат Адахан Мадумаровго кайрылып:"Өмүр бою мамлекетке колуңуз менен болбосо да тилиңиз, оозуңуз, акылыңыз менен иш кылып келе жатасыз. Эми өзүңүзгө ылайык кылып айта бербестен бүт жагын айтпайсызбы. Эмнеси туура эмес экенин далилдеп бериңиз", — деп, кепти бурмалаба деп кайрылды.
Ошол учурда Мадумаров кол көтөрүп сүйлөп калды эле "колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, билесиз мен дагы бир нерсе деп айтып коём. Колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, сураныч" деди УКМК төрагасы.
Андан соң Мадумаров депутаттын абийирине шек келтирген учурда тыйып коюшун сурады. Ал кол көтөргөндө 10 мүнөт убакыт сурап төрагага кайрылганын айтты. Мындан улам бардык нерседен жамандык көрүп, чочулай бербөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин да экөө кайым айтыша кетип, Ташиев Мадумаров колун көтөрүп сүйлөсө колун сындырып коё турганын айткан.