У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токторбаев: Мадумаров мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын такыр койбоду


Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев ("Ата Журт"), кесиптеши Адахан Мадумаровдун ("Бүтүн Кыргызстан") парламенттин 24-февралдагы жыйынында айткан сөзүнө жооп берди.
 
«Өткөн жыйында Коопсуздук комитетинде мыйзам долбоорлору каралып жатканда Адахан мырза мага карата сын айтты. Ал «Силер өзүӊөрдүн досуӊардын законун өткөрүп жатасыӊар»,-деди. Мен буга макул эмесмин. Мыйзам долбоору комитетте каралып, Жогорку Кеңештин жыйынына чыгарылды. Бул мыйзам долбоорлорун кайра комитетке жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду экинчи окуу режиминде карасак болмок. Адахан мырза мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Ал өзүн бизден жогору коет, ал деле 88 депутаттын бири. Чындыкты кандай болсо ошондой айтыш керек. Сиздин образыңыз – кой терисин жамынган карышкыр. Түшүндүӊүзбү? Сен өзүңдү жогору баалайсың», - деди Токторбаев Мадумаровго.
 
Регламентке ылайык, башка депутатты сындаганга болбой турганын парламенттин төрагасы Талант Мамытов айтып, кесиптештерин сабырдуулукка чакырды.
 
Токторбаев сөзүн токтотпогону үчүн, анын микрофонун өчүрдү. Бирок ал микрофонсуз эле кыйкырып сүйлөп жатты. Бир катар депутаттар аны сабырдуулукка чакырышты. Токторбаев Тазабек Икрамов (Сузак району) менен да  кайым айтыша кетти, Токторбаев Икрамовдон «оозун жабууну» талап кылды. Икрамов аны залдан чыгууга чакырды. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter