Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычын биргелишип башкаруу тууралуу келишимди ратификациялоо долбоорун карап жатат.
Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди, кааласак, 10 жылдан кийин деле алмашып алсак боло турганын Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Бул туурасында: "Кокус Кемпир-Абаддын суусу кургап кетсе, суу астында жаткан жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, кылымдар бою агып турат, кургап кетсе адам баласынын жашоосу дагы токтойт. Экинчиден, суу сактагыч какшып калса ордуна теңме-тең башка жерден берип ошол заматта алмашып алсак болот. Айдоо жерди алар "айланайын" деп алмашат. Анткени аларга таш, кум баскан сайдын кереги жок. Пахта да, шалы да эге албайсың.
Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт, ошон үчүн бизден 30-40 жыл алдыга кетишет. Биз дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. 30 жыл ичинде ширеңке чыгарган фабрика дагы салбаптырбыз. Алар суу кылымдар бою турарын билишет. Ошон үчүн шашпай тургула, өзгөндүк туугандар. Эгер керек болсо, суу астындагы жерди 10 жылдан кийин деле алмашып алабыз. Азыр чек араларыбызды бекитип чечип алалы, бир эле Өзгөндүн маселеси чечилген жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1 500 чакырымга жакын чек ара тилкеси чечилип жатат", — деди Жапаров.